Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

Жээнбеков кайрылмандардын көйгөйлөрүн укту


Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн этникалык кыргыздардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугуп, "Кайрылман" программасынын аткарылышын талкуулады.

Жолугушууда кайрылмандар ыңгайлашуу, жарандык жана турак жай алуу, социалдык жана медициналык тейленүү, жумушка орношуу жагынан мамлекеттин колдоосуна муктаж болуп жатканы айтылды.

Премьер-министр бул маселелерди чечүү максатында 2017-2022-жылдарга эсептелген «Кайрылман» программасы кабыл алынганын айтып, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кайрылмандарга ар тараптан жардам бериши керектигин белгиледи.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон бери тарыхый мекенине 60 миңдей этникалык кыргыз кайтып келген. Алардын 45 миңине кыргыз жарандыгы берилген. (RK)

XS
SM
MD
LG