Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:49

Бийликти басып алууга аракеттенди дегендердин өкүмү угузулду


Камактагыларды колдоо акциясы
Камактагыларды колдоо акциясы

"Элдик парламент" оппозициялык кыймылынын бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген айып менен камакка алынган мүчөлөрүнө Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн өкүм угузулду.

Алардын тарапкерлери "Азаттыкка" билдиргендей, Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевге 14 жыл, Александр Гусевге 6, Тойгонбек Калматовго 5 жыл шарттуу түрдө, Марат Султановго 10 жыл жаза мөөнөтү чегерилди.

Алар баары былтыртан бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Ушундай эле кине менен буга чейин Кыргызстанда төрт оппозиционер соттолгон. Биринчи Май райондук соту 17-апрелдеги өкүмү менен Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен.

Соттолуучулар өздөрү жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын, далили жок соттолгонун белгилеп келишет.

Эки сот тең башынан аягына чейин жабык өттү. (ZKo/RK)

XS
SM
MD
LG