Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Ооганстанда чет өлкөлүк күчтөргө кол салуу болду


Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаарында чет өлкөлүк күчтөр чабуулга кабылды. НАТОнун бул өлкөдөгү миссиясы 2-августтагы жанкечти жардыруусунан жабыркагандар бар экенин билдирди. Бирок азырынча алардын тек-жайы, кайсы өлкөнүн жараны экени айтыла элек.

Атын атагысы келбеген коопсуздук кызматкерлери окуя эл аралык аскер күчтөрү жайгашкан Кандагар аэропортунун жанында болгонун билдирди. Ага азырынча эч бир тарап жоопкерчиликти ала элек.

Бир күн мурда Герат шаарындагы шиит мечитинде да кол салуу болуп, андан 30дан ашуун киши мерт кеткен.

Ооганстанда учурда АКШ менен НАТОнун 13500дөй аскери бар. Америка талиптер менен күрөштө кыйынчылыкка туш болуп жаткан ооган армиясына жардам иретинде кошумча күчтөрдү жөнөтүү маселесин караштырып жатат.

XS
SM
MD
LG