Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:59

Райондук сот Садыр Жапаровго 11 жыл 6 ай чегерди


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкты уюштурду деп күнөөлөнүп жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдун өкүмү угузулду.

Ал Кылмыш кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү), 234 (бейбаштык) беренелери боюнча акталды, бирок 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилди.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар Жапаровду 15 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесүүнү сураган. Адвокаттар прокуратура "эч кандай далил жок катаал жаза сурап жатат" деп айткан.

Жогорку Кеңешке мурдагы чакырылышта депутат болгон Жапаров быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG