Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:59

Москва Сирияда 40 аскери мерт болду деген маалыматты төгүндөдү


Сириядагы аба базадагы орус учагы.

Расмий Москва "Рейтер" агенттигинин Сирияда жыл башынан бери кеминде 40 орус аскери мерт болду деген маалыматын төгүнгө чыгарды. Орусиянын Коргоо министрлиги 1-январдан бери Сирияда 10 гана орус жоокери каза тапканын билдирип, соңку маалыматтарды орус армиясынын согушкерлерге каршы операциясына көлөкө түшүрүү аракети катары мүнөздөдү.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Сирияга ыктыярчы катары барган орус жарандарынын мамлекет менен байланышы жоктугун белгиледи.

"Рейтер" агенттигинин журналисттери иликтөө жүргүзүп, Сирияда мерт болгон орус аскерлеринин саны алда канча көп экенин аныкташкан. Алардын тыянагы 2-августта жарыяланган.

Орусия Сириядагы президент Башар Асадга колдоо көрсөтүүнү көздөгөн операцияларын 2015-жылдын күзүндө баштаган.

XS
SM
MD
LG