Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Майк Пенс Монтенегродогу саммитте Орусияны сындады


АКШ вице-президенти Майк Пенс
АКШ вице-президенти Майк Пенс

Вице-президент Майк Пенс АКШ Орусияны буга чейинки кадамдары үчүн жооптуу деп эсептөөнү уланта берерин билдирди. Ал мындай пикирин 2-августта Адрия келишимине кирген өлкөлөрдүн Монтенегродогу саммитинде айтты.

"Орусия эл аралык чек араларды күч менен кайра чийип чыгууну улантууда. Бул жерде, Батыш Балканда Орусия аймакты туруксуз кылуу үчүн, сиздердин демократияга шек келтирүү үчүн, бириңерди бириңерден жана бүтүндөй Европадан бөлүү үчүн иштеди. АКШ бул чөлкөмдөгү жана анын чегинен сырткаркы аймактагы күч колдонуу жана коркутуу аракеттерин четке кагат. Батыш Балкандын өз тагдырын өзү чечүү укугу бар",-деди Майк Пенс.

Подгорицадагы саммитке Албания, Босния-Герцеговина, Хорватия, Косово, Македония, Монтенегро, Сербия жана Словениянын президенттери жана өкмөт башчылары катышты.

АКШ вице-президенти Чыгыш Европадагы сапарын 30-июлда Эстониядан баштаган. Андан соң Грузияга барып, АКШ Орусиянын Грузиянын бөлүгүн каратып алуусун айыптаарын айткан.

Орусия АКШ расмийлеринин мындай сын-пикирлерин четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG