Бразилиялык белгилүү футболчу Неймар Испаниядагы “Барселона” клубунан кетет. Ал шаршемби күнү клубдун машыгуусуна келип, Франциянын “Пари Сен-Жермен” клубуна өтүп жатканын билдирди. Бул маалыматты Каталониянын футболдук клубу да ырастады.
25 жаштагы Неймар 2013-жылы бразилиялык “Сантос” клубунан “Барселонага” келген. Өткөн октябрь айында ал клуб менен келишимин 2021-жылга чейин узарткан болчу.
“Пари Сен-Жермен” Неймарды өткөрүп алуу үчүн 222 миллион евро төлөйт деп күтүлүүдө. Мынча сумма буга чейинки рекорддук трансфердин баасынан эки эсе көп.