Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:52

Ысык-Көл райондук патрулдук милициянын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Тимур Кадыровдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, жол кырсыгы 2 -августта күндүзгү саат 9:00 чамасында Тамчы айылында болгон.

Бишкек шаарынан бараткан "Toyota Ist" үлгүсүндөгү автоунаа Тамчы айылынын күн чыгыш тарабынан "Honda Stream" машинеси менен кагылышкан. Андан "Toyota Ist" автоунаасынан эки жүргүнчүсүнүн өмүрү кыйылды. Экинчи машиндеги бир жүргүнчү ооруканада каза тапкан.

Окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. (AsM)

XS
SM
MD
LG