Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Журналист кыз рейд учурунда ур-токмокко кабылганын айтууда


Карачач Шакирова
Карачач Шакирова

Бишкекте Radar.kg интернет-басылмасынын башкы редактору Карачач Шакирова ур-токмокко кабылып, ооруканага түштү. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосуна билдирди.

Айтымында, патрулдук милициянын рейдин чагылдырып иштеп жатканда транссексуалдардан жабыркаган:

- Мага транссексуалдар кол салды. Милицияны чакыртышкан жерге барсак, ал жакта мастар калайман ызы-чуу кылып жатышыптыр. Милиция кызматкерин көргөндө эле бирөө, эркекпи же аялбы, түшүнө албадым, аны уруп-сабай баштады. Эки үч наряд кошумча чакыртышты. Кошумча күч келгенче бизди сабашты. Менин камерамды сындырышты, үстүмдөгү көйнөгүмдү тытып, моюнумдагы чынжырчамды, кулагымдагы сөйкөмдү жулуп ыргытышты, аларды издегендей да боло алган жокмун. Башыма таш тийиптир. Азыр 4-ооруканадамын. Мээм чайкалыптыр, денем көк ала.

Шакированын айтымында, окуя өткөн түнү Бишкектеги батирлердин биринде болгон. Ал Ленин райондук милициясына арыз жазганын, угушунча, беш адам камакка алынганын кошумчалады.

Шаардык милициянын маалыматына караганда, алты адам кармалды. (RK)

XS
SM
MD
LG