Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Сот Текебаевдин адвокатынын өтүнүчүн четке какты


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновго карата козголгон кылмыш иш боюнча сот уланууда.

Бүгүн адвокаттар бул кылмыш ишти Башкы прокурор козгогонунун мыйзамдуулугун тактоо үчүн Конституциялык палатага арыз жөнөтүү тууралуу өтүнүч келтиришти, бирок судья Айбек Эрнис уулу бул өтүнүчтү четке какты. Жактоочулардын белгилешинче, ушуну менен сот башталгандан бери судья алардын 20га жакын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.

Орусиялык жарандар Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде козголгон кылмыш иш боюнча Текебаев 1 миллион долларлык пара алган, Чотонов аны өткөрүп берген деп соттолууда. Өзүлөрү муну саясий куугунтук деп атап келет. (RK)

XS
SM
MD
LG