Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

АКШ Косовонун НАТОго кошулуу максатын колдойт


Косовонун президенти Хашим Тачи.
Косовонун президенти Хашим Тачи.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс Косовонун НАТОго мүчө болуу мүдөөсүн колдойт. Бул тууралуу Косовонун президенти Хашим Тачи 2-августта Пенс менен жолугушуудан кийин билдирди. Президент “кездешүү конструктивдүү жана достук маанайда өткөнүн” Фейсбуктагы баракчасына жазды. Жетекчилер Монтенегродо Адриатика Хартиясынын саммитине катышкан. Тачи Пенсти Косово экстремизм, радикализм жана терроризмге каршы күрөштө АКШнын шериги бойдон кала берээрине ишендирди.

Ак үйдүн өкүлү ошондой эле Сербиянын жаңы шайланган премьер-министри Ана Брнабич менен сүйлөшүү өткөрдү.

Саммитте Пенс Евробиримдикке жана НАТОго умтулуп жаткан Чыгыш Балкан өлкөлөрүнүн лидерлерин өз ара пикир-келишпестиктерди жоюуга үндөдү.

XS
SM
MD
LG