Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 14:16

Грузиянын жикчил аймагы Абхазияда ок-дары кампасындагы жарылуудан орусиялык эки турист каза тапты, ондогон киши жараланды. Окуя 2-августта Кара деңиз боюндагы Приморское кыштагында болгон. Абхазиянын Саламаттыкты сактоо мекемесинин жооптуу өкүлү жарадар болгондордун саны 60тын айланасында экенин кабарлап, арасында 35 орусиялык турист бар деп билдирди. Төрт кишинин абалы оор деп бааланууда.

Жарылуунун себептери ушу тапта белгисиз.

XS
SM
MD
LG