Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Ачкачылык жарыялаган "атамекенчини" "Тез жардам" алып кетти


"Ата мекенчилер" тобу саясий ачкачылык жарыялашты. Бишкек. 31.7.2017.
"Ата мекенчилер" тобу саясий ачкачылык жарыялашты. Бишкек. 31.7.2017.

Бишкекте оппозициядагы "Ата Мекен" партиясынын ачкачылык жарыялаган мүчөлөрүнүн бири Темир Эмиловду "Тез жардам" кызматы алып кетти. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна ачкачылык акциясынын катышуучусу Айбек Султанкулов билдирди:

- "Тез жардамды" штабдагы балдар чакырыптыр. Бүгүн алар келип бизди текшеришти. Эмиловдун ден соолугу жакшы эмес экен, ооруканага алып барып текшеребиз деп алып кетишти. Азыр текшерип жатышат.

"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-депутат Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" уюлдук компаниясына байланыштуу орус жаранынан ири суммада пара алган деген айып менен соттолууда. Алардын тарапкерлери бул ишти саясий куугунтук деп атап жатат. Ишти козгогон Башкы прокуратура саясат менен байланыштырууга негиз жок деп билдирип келет.

Ачкачылык акциясы дүйшөмбү күнү партиянын Бишкектеги кеңсесинде алгач төрт адамдын катышуусу менен башталган. Бүгүнкү күнгө карата алардын саны жетиге жетти. (RK)

XS
SM
MD
LG