Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:09

Пентагон Ооганстанда эки жоокери окко учканын тастыктады


Ооганстандагы АКШ жоокерлери.
Ооганстандагы АКШ жоокерлери.

Пентагон америкалык эки аскердин Кандагардагы кол салуудан мерт кеткенин бышыктады. Шаршембиде НАТО аскерлеринин кербенинин жанында жанкечтинин машинасы жарылганда бир нече жоокер да жарадар болгону кабарланды. Бирок алардын саны жана улуттары айтылган жок.

Чабуул үчүн жооперчиликти өзүнө алган талиптер болсо, НАТОнун 15 жоокери окко учканын айтышууда. Эл аралык күчтөрдүн аскерлери Кандагардан 20 километрдей алыс жерде жайгашкан базада кызмат өтөшөт. Ушул тапта Ооганстанда америкалык жана Түндүк альянстын 13,5 миңдей аскери кала берүүдө. Алар ооган армиясын машыктыруу менен алектенишет. АКШ администрациясы талиптерге каршы күрөшкө кошумча аскер жиберип-жебирбөө маселесин караштырууда.

XS
SM
MD
LG