Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

Ош облустук соту Досоновду актаган өкүмдү күчүндө калтырды


Кадыр Досонов
Кадыр Досонов

Ош облустук соту бүгүн кримтөбөл атыккан Кадыр Досоновду актаган райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Бир ай мурда Кара-Суу районунда Досоновду актаган өкүм чыккан.

Кримчөйрөдө Жеңго деген каймана ат менен белгилүү Досонов ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Оштогу бөлүгүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелип жаткан.

2013-жылдын 11-январында «ДЭУ-Нексия» үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде отурган Шоноевди үйүнүн жанынан атып кетишкен. Бул окуя боюнча кылмышка катыштыгы барлар жазасын алышкан. Кадырбек Досонов качып жүргөндүгүнө байланыштуу, жазык иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн. Аны күч кызматкерлери 2015-жылдын 6-февралында колго түшүргөн. (RK)

XS
SM
MD
LG