Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:24

Киевдин райондук сотунда Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин иши боюнча сот жыйыны башталды. Экс-президент мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталууда. 6-июлда Янукович адвокаттарын чакыртып алып, бул соттук жараянды “адилеттүлүккө акаарат” катары сыпаттап, анын жыйынтыгы “алдын ала белгилүү” деген. Ошондон кийин украин бийликтери ага мамлекеттик жактоочу беришкен.

Июндун этегинде айыпталуучу сотко келбей, видео байланышка да чыкпай калгандан кийин анын иши сыртынан карала баштаган. Орусияда жашырынып жүргөн Янукович Украинанын “аймактык бүтүндүгүнө жана кол тийбестигине шек келтирүү”, “агрессивдүү согуш жүргүзүү” деген беренелер боюнча айыпталууда.

Экс-президент 2014-жылдын февралында антиөкмөттүк толкундоолордон улам Орусияга качкан. Калың элдин көчөлөргө чыгып нааразылыгын билдирүүсүнө Януковичтин Евробиримдик менен келишимге кол койбой, Москвага ыктоосу түрткү берген.

XS
SM
MD
LG