Украиналык белгилүү боксчу Владимир Кличко спорттон кетип жатканын жарыялады.
“Спорттук карьерам ушунчалык узак жана ийгиликтүү болот деп эч качан ойлогон эмесмин", - деп билдирди Кличко 3-августта күйөрмандарына кайрылуу учурунда.
Апрель айында 41 жаштагы мушкер оор салмактагы дүйнө чемпиону британиялык Энтони Йошуага 11- раундда утулуп калган. Ошентип ноябрга сунуш кылынган экинчи беттешүү эми болбой калды.
Бир нече жолу дүйнө чемпиону болгон Кличко 64 ирет атаандаштарын жеңип, 5 беттешүүдө утулган.
Анын спорттогу карьерасы 1996-жылы Атлантадагы Олимпиаданы жеңгенден кийин башталган.
Владимир Кличко Казакстанда туулган, ал эми анын бир тууганы, Киевдин азыркы мэри Виталий Кличко Кыргызстанда төрөлгөн. Ал да бокс дүйнөсүндө кеңири таанылган.