Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан Өзбекстан жарандары жабыркады


Ысык-Көлдө бүгүн тогуз адам жабыркаган жол кырсыгы катталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, баары тең азыр Балыкчы шаарынын ооруканасында.

Тогуз адамдын алтоо балдар. Окуя Ысык-Көл районунун Кызыл Өрүк айылында болгон.

Жабыркагандардын бешөө Өзбекстан жарандары экени аныкталды. Алардын экөө 11 жаштагы өспүрүмдөр.

Баарынын абалы туруктуу. Өзбекстандан келген бийчилер тобу түшкөн кичи автобус ичиндеги 13 кишиси менен жеңил машина менен сүзүшкөн. (RK)


XS
SM
MD
LG