"Чек арасыз кабарчылар" укук коргоочу уюму орус бийликтерин “Новая газета” басылмасынын журналисти Али Ферузду Өзбекстанга депортациялоо чечимин жокко чыгарууга чакырды.
Укук коргоочулар прессанын эркиндиги боюнча 180 мамлекеттин арасында 169-орунда турган Өзбекстанда ал кыйноого туш болушу ыктымал деп белгилешти. Феруздун депортация чечиминен баш тартууга буга чейин Эл аралык Мунапыс уюму да үндөгөн. "Укук коргоо кыймылынын активисти, кумса жана "Новая газетанын" кабарчысы болгондуктан анын өлкөгө кайтуусу кайгылуу кесепеттерге алып келиши ажеп эмес, - деди AI уюмунун өкүлү Денис Кривошеев.
Али Феруз деген ат менен белгилүү Худойберди Нурматов шейшембиде Москвада гезиттин редакциясынын жанында кармалган. Буга чейин ал Орусияда саясий башпаанек бербөө чечимин талашып сотко кайрылган. 1-августта Москванын райондук соту аны Өзбекстанга депортациялоо чечимин чыгарган.
Ошондон кийин Феруз өз жанын кыюуга аракеттенген. 2012-жылы анын паспортун уурдап кетишкен экен. Жаңы документ алуу үчүн Өзбекстанга кайтып бара албайт. Журналисттин айтымында, мекенинде ага террордук уюмдар менен кызматташуу деген айып тагылышы мүмкүн.
Орусия президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңеш Ферузду өлкөдөн чыгарууну Конституцияга каршы келген аракет катары сыпатташты. Бирок Кремлден бийлик миграциялык мыйзамдарды бузууну көз жаздымда калтыра албайт деп билдиришти.