Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:25

Жалал-Абад шаардык кеңеши дале жыйынга чогула элек


Шаардык кеңештин 2-августка белгиленген биринчи сессиясы дагы өтпөй калды. Депутаттар ушуну менен бешинчи ирет жыйынга чогула албай калышты. Мындан улам шаардык кеңеш кайра тарашы мүмкүндүгүн курамына КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика” фракциялары кирген көпчүлүк коалициянын лидери Сайдулла Чымбердиев “Азаттык” радиосуна билдирди.

Чымбердиевдин айтымында, бул жолку сессияда шаардын бюджети каралып, бекитилүүгө тийиш болчу. Бирок “Республика” фракциясындагы эки депутат белгисиз себептер менен келген эмес. “Ата-Журт” менен “Өнүгүү Прогресс” фракцияларынын депутаттары да келген жок. Учурда Жалал-Абад шаарынын 325 млн сомдук бюджети бекитилбей турат. Буга чейин шаардык кеңеште азчылыкты түзгөн “Ата-Журт” менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары көпчүлүк коалиция биринчи сессияны мыйзамсыз өткөрүп, төраганын орун басарын да эреже бузуу менен шайлады деген негизде прокуратурага кайрылган.

2016-жылдын 11-декабрында шайланган депутаттар мэр шайлоонун айланасында бириге албай, ушул жылдын апрель айында өзүн өзү тараткан болчу. 28-майда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп, анда алты партия жеңишке жетишкен. (RsK)

XS
SM
MD
LG