Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Таласта 6 миң чарчы метр жер аянты мамлекетке кайтарылды


Талас шаарындагы борбордук базарда алты миң чарчы метр жер аянты соттун чечими менен Мамлекеттик мүлк фондунун балансына кайтарылды. Бул тууралуу фонддун Таластагы өкүлү Нурбек Султаналиев «Азаттык» радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, бул жер аянттары жеке менчикке өтүп кеткен. Эки жылга созулган соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке кайтарылды.

Талас шаарындагы борбордук базардын жалпы аянты үч жарым гектар. Нурбек Султаналиев кошумчалагандай, бүгүнкү күндө үч гектар жерди соодагерлер кайсы документтердин негизинде пайдаланып жүргөнү белгисиз. Бул боюнча Мамлекеттик мүлк фонду иликтөө иштерин баштаганы маалым болду. (AlS)

XS
SM
MD
LG