Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Amnesty International Евробиримдикти Иранга басым көрсөтүүгө чакырды


Ирандык саясий туткун, укук коргоочу Араш Садеги.
Ирандык саясий туткун, укук коргоочу Араш Садеги.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Европа биримдигин Ирандагы укук коргоо кыймылынын активисттерин токтоосуз бошотууга жетишүүгө чакырды.

Уюмдун эксперти Насим Папаянни Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини алдыдагы Тегеранга сапарында Иран бийлигинен саясий туткундардын баарын токтоосуз бошотууну талап кылышы керек деп билдирди. Мындан тышкары Папаянни Могеринини камактагы активисттер менен, баарынан мурда Ирандагы адам укуктары борборунун мурдагы жетекчиси Наржес Мохаммади менен жолугушууга үндөдү.

2-августта жарыяланган Amnesty International уюмунун баяндамасында ирандык адам укугун коргоочулардын кылмыш жообуна тартылган 45 учуру эске салынып, алардын көбү БУУ, ЕБ, жалпыга маалымдоо каражаттары, укук коргоо кыймылдарынын активисттери менен байланышы болгону үчүн узак мөөнөттө абакка кесилгени айтылат.

Могерини Тегеранга 5-августта барып, Иранда кайрадан президенттикке шайланган Хасан Роуханинин инаугурациясына катышат.

XS
SM
MD
LG