Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:48

АКШ соту орусиялык хакер Максим Сенахты 46 айга абакка кести


АКШ сотунун чечими менен орусиялык хакер Максим Сенах 46 айга эркинен ажыратылды. Ал зыяндуу Ebury компьютердик программасын жайылтуудан пайда тапкан жана миллион долларды мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алган деген айыптар менен күнөөлүү деп табылды. Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң Орусияга депортацияланат.

Орусиянын Улуу Новгород шаарында туулган Максим Сенах 2015-жылы Финляндияда кармалып, кийин АКШга экстрадицияланган.

Америкада тергөө менен келишим түзүп, быйыл мартта "компьютердик алдамчылык кылуу кутумуна катышканын" моюнга алган.

Соттун маалыматына караганда, Сенах АКШнын жана башка мамлекеттердин он миңдеген серверлерин камтыган Ebury ботнетин түзүүгө катышкан.

XS
SM
MD
LG