Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиондугунда коло утту


Мээрим Жуназарова спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунун жарым чейрек финалдык таймашында. 3-август, 2017-ж.
Мээрим Жуназарова спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунун жарым чейрек финалдык таймашында. 3-август, 2017-ж.

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова ушул күндөрү Финляндиянын Тампере шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунда коло медал тагынды.

Кыздардын эркин күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Жуманазарова бул мелдеште жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. Алгач жарым чейрек финалда франциялык Кендра Аугустин Жойнлайн Дашени 6:2 эсебинде утту. Чейрек финалда германиялык Тереза Элиза Эдфельдерди 10:0 эсебинде таза жеңди. Тилекке каршы финалга чыгуу үчүн беттеште кубалык Юдари Санчез Родригезге 5:2 эсебинде жеңилип калды. Акыркs чечүүчү коло медал үчүн беттеште финляндиялык Хенда Хауг Странгды 10:0 эсебинде таза жеңип алды.

Мээрим Жуманазарова быйыл жаштар арасында Азия чемпиондугунда алтын байге алган. 2016-жылы кадеттер арасында өткөн дүйнө чемпиондугунда коло медал тагынган. 1-августта башталган спорттук күрөш (грек-рим, кыздар жана эркектер арасында эркин күрөш) боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугу 6-августта аяктайт. Бул мелдеште азырынча кыргыз балбандарында эки коло медал бар. Буга чейин чейин эркин күрөшчү Акбар Кенжебек уулу (50 кг.) 3-орунду алган.(ECh)

XS
SM
MD
LG