Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Министрлик: Ветлабораторияны Ботаника багында куруу чечими чыга элек


Бишкектеги Ботаника багынын аймагында ветеринардык лаборатория куруу тууралуу акыркы чечим чыга элек, азыр бул багытта талкуу гана жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Айыл чарба министрлигинин өсүмдүктөргө карантин департаментинин директору Амангелди Исаев билдирди:

- Азырынча ал жерге курулат деген чечим жок. Биз карап, талкуулап жатабыз. Башка варианттар да каралууда. Бирок алар шаардын бөлүгүндө болсун деген шарт коюшкан.

Ветеринардык лабораторияны Кытай бөлгөн грантка куруу пландалып жатканын, бул үчүн Айыл чарба министрлиги Бишкектин Ботаника багынан төрт гектар жер сурап жатканын 1-августта маалымат жыйынында мекеменин директору Медет Ахматов айтып чыккан болчу. Ал эгер лаборатория курулса шаар тургундарынын коопсуздугуна коркунуч жараларын, себеби Ботаника багы Аламүдүн суусунун боюнда жайгашканын, ал селден коргоочу ролду да ойноорун билдирген.

Эколог Эмил Шүкүров лаборатория болгон жерде түрдүү илдет-ылаңдардын козгогучтары да болорун жана эгер алар жер астындагы сууга аралашса кооптуу абал түзүлүшү ыктымалдыгын айткан.

Эки жыл мурда Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулган. Анын талаптары боюнча жалпысынан отуздан ашуун түрдүү лаборатория ачуу каралып жатат. Максат - Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны экспортко чыгаруунун ветеринардык жана фитосанитардык шарттарын камсыз кылуу.

Эколог адистер ветеринардык лабораторияга каршы эмес экенин, бирок ал Ботаникалык бактын аймагында курулбашы керектигин айтууда.

Буга чейин Ботаникалык бакта биолаборатория куруу пландалып, жергиликтүү тургундардын жана экологдордун каршылыгынан улам токтотулган. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG