Президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн мамлекеттик тил боюнча тестирлөөгө катышып жаткандардын арасынан биринчи жаран сынактан өтпөй калды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан кабарлашты.
"Шматрица" ишканасынын директору Руслан Жунусов аттуу жаран бүгүн тест тапшырып, 46,1 балл алды. Буга байланыштуу ага комиссиянын сертификаты эмес, канча балл топтой алгандыгын билдирген маалым кат гана берилет.
Тестирлөө өткөрүүнүн эрежелери жөнүндө Жободо “Эгерде талапкер тест боюнча зарыл болгон жалпы баллды топтой алса (бардык субтесттердин суммасынын 60%ынан ашса) ага В2 (“Ортодон жогору”) деңгээлде мамлекеттик тилди билээрин ырастаган Улуттук комиссиянын сертификаты берилет. Эгерде талапкер 100%дын ичинен 60%дан аз балл топтосо, ага субтесттер боюнча алган баллы көрсөтүлгөн маалымкат берилет” деп белгиленген.
Ал эми сынактан ийгиликтүү өткөн талапкерлерге Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты күндүн жыйынтыгы менен тапшырылат.
Президенттик шайлоо Кыргызстанда 15-октябрда өтөт. Талапкер болом дегендер 57 адам. Тил боюнча тесттен өтүп, 30 миң кол топтоп, 1 миллион сом күрөө кое алгандарга талапкер макамы ыйгарылат.
Буга чейин тестке 20 адам катышты, алардын баары ийгиликтүү өткөн.
Бүгүн тест тапшыра тургандардын тизмесинде КСДП көрсөткөн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков да бар. (RK)