Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

ИИМде жаңы кызматтар түзүлүп, башчылар дайындалды


Ички иштер министрлигинде алты өз алдынча кызмат ачылып, алардын башчылары дайындалды.

Мекеменин сайтына жарыяланган маалыматка караганда, алар: Криминалдык милиция (башчысы Нурмат Болпонов), Маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызмат (башчысы Азамат Араев), Ички иликтөөлөр кызматы (башчысы Скандарбек Көчөрбаев), Тергөө кызматы (башчысы Талантбек Үмөталиев), Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызмат (башчысы Улан Бийбосунов) жана Коомдук коопсуздук кызматы (башчысы Сапарбек Асаналиев).

ИИМдин маалыматына караганда, жаңы кызматтар президенттин 2016-жылдын 18-июлундагы күч органдарын реформалоо жөнүндөгү жарлыгын жана өкмөттүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги ички иштер органдарын реформалоо чаралары тууралуу токтомун ишке ашыруу, жарандардын укугун жана коомдук тартипти коргоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү максатында түзүлдү.

Министрликтин курамына буга чейин маалыматтык технологиялар, коомдук коопсуздук, патрулдук милиция, кылмышкерлерди издөө, уюшма кылмыштуулукка карыш күрөш, ички коопсуздук, маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы жана ошондой эле кадр, тергөө башкармалыктары кирчү. (RK)

XS
SM
MD
LG