Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Путин кийинки мөөнөткө барууну "ойлонуп көрөт"


Владимир Путин
Владимир Путин

Орусия президенти Владимир Путин төртүнчү мөөнөткө президенттикке барууну "ойлонуп көрөрүн" билдирди. Бул тууралуу ал 4-августта Байкал көлүнүн жээгиндеги жолугушуу учурунда айтты.

Анда видео аркылуу байланышка чыккан жергиликтүү тургун "эл сизди кийинки шайлоодо да талапкерлигиңизди кайра коюушуңузду өтүнүп жатышат" деген эле.

Путин өлкөсүн 2000-жылдан тарта башкарып келет. Эки мөөнөттөн кийин 2008-2012-жылдары премьер-министр болуп, анан кайра президенттикке шайланган. Баш мыйзам боюнча 2018-жылдагы шайлоого катыша алат. Буга чейин алдыдагы шайлоого барар-барбасы тууралуу бир да пикирин билдирген эмес.

Ошол эле учурда оппозиция бийликти борбордук медианы, үгүт кампаниясын, добуш санакты катуу көзөмөлгө алып, тең атаандаштыкка шарт түзбөй жатат, административдик ресурс чексиз колдонулат деп айыптап келет.

Буга чейин оппозициячы Алексей Навальныйга шайлоого катышууга уруксат берилген эмес. Ага чейин анын жер-жерлерде ачкан штабдарына да белгисиз бирөөлөр тарабынан чабуулдар болгон.

XS
SM
MD
LG