Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:43

Жарым жылда 81 таштанды бала табылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Быйыл жарым жыл ичинде Кыргызстанда 81 таштанды бала табылды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын өкүлү Гүлмира Ахматова билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары дагы 9 бала Орусиядан алынып келинди:

- Жеткинчектердин иши боюнча милиция кызматкерлери, биздин өкүлдөр, медицина кызматкерлери чыгып, акт түзүп, быйыл биринчи жарым жылдыкта таштап кетишкен 81 бала табылды. Орусиядан 2011-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин 71 баланы алып келдик, көбүнчөсү Москвадан.

Дүйшөмбү күнү Бишкекте дааратканада табылган ымыркайдын окуясы коомчулукта кызуу талкууланууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги маселени чечүүнүн гумандуу жолу катары баласын баккысы келбеген энелерге ымыркайынан баш тартуу укугун мыйзамдаштырууну сунуштоодо.

"Арча Бешик" жаңы конушунда дааратканада төрөп таштап кетти деген аял табыла элек. Ымыркай кыз ооруканада, анын абалы жакшырып келатканын доктурлар айтып жатат. (SA/RK)

XS
SM
MD
LG