"Ислам мамлекети" террордук тобу Ирак менен Сириядагы езид азчылыктарына каршы геноцидди улантып жатканын 3-августта БУУ эскертти. Буга каршы эл аралык коомчулук жетиштүү чара көрбөй жатканы белгиленди.
Ракка шаарын бошотуу операциясы учурунда террорчулар шаардан чыгып кетер алдында туткундагы езид аялдары менен кыздарын сатууга далалаттанып жатышканын уюмдун Сирияны иликтеген комиссиясы билдирди.
Террорчулар 2014-жылы августта Ирактын түндүк-батышындагы Синжар шаарын басып алышып, миңдеген езиддерди туткунга алган. Алардын көбүнүн дайыны азыркыга чейин белгисиз. Шаар 2015-жылдын аягында бошотулган. Ошондон бери аймакта езиддер массалык түрдө көмүлгөн ондогон мүрзөлөр табылган. Дагы канчасы ал жерден жакын турган Раккага көчүрүлгөнү белгисиз.
"Миңдеген езид эркектери менен балдарынын дайыны дале белгисиз. Террордук топ Сирияда күн сайын үч миңдей кыз-келинге, аялдарга тирукмуш зомбулук көрсөтүп, зордуктап жана ур-токмокко алууда" деп билдирет комиссия.