Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Кытай Индияга Гималайдан чыгып кетүүнү талап кылды


Гималай тоолору көргөзмөдө
Гималай тоолору көргөзмөдө

Бээжин Индия Гималайдагы талаштуу аймактан аскерлерин чыгарып кетиши керектигин 4-августта экинчи ирет кайталады. Алгач 2-августта аймагына Индия "басып киргенин" билдирип чыккан.

Индия талаштуу Доклам аймагына июнь айында аскерлерин жайгаштырган. Бул чара өнөктөшү Бутандын аймагына Кытай жол салып жатканы тууралуу арыздануусунан кийин көрүлгөн. Бээжин болсо Доклам өзүнүн Тибет автоном районунун бөлүгү экенин билдирип келет.

4-августта талапка удаа эле кытай телеканалынан Тибетте артиллерия жана ракеталарды колдонуп машыгып жаткан аскер бөлүгү да көрсөтүлдү.

Бутан менен Кытай талаштуу аймак боюнча 1980-жылдардан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.

XS
SM
MD
LG