Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

Австралия полициясы кош террордун алдын алганын билдирди


Австралия полициясы
Австралия полициясы

Австралия полициясы Сириядагы "Ислам мамлекети" тобунан жардам алгандардын эки жолку террордук аракетинин алдын алганын 4-августта билдирип чыкты.

Федералдык полиция башчысынын орун басары Майкл Феландын айтымында, биринчиси 15-июлда болгон. Анда шектүү колго жасалган жарылма затты жүргүнчү учагына коюуга аракет кылган. Экинчисинде химиялык уулуу затты имарат ичине алып кирип, андагы элди уулантууну максат кылышкан.

"Бул Австралия жергесинде качандыр бир болгон кутумдардын бирден бир татаалы. Атайын кызматтарыбыз жана күч органдарыбыздын эбегейсиз иши болбогондо өтө кыска убакыт ичинде бул өлкөдө чоң бүлгүн болмок", - деди Фелан.

Полиция өткөн дем алышта башкалаа Сиднейде террорчулукка шектелген төрт кишини кармаган.

XS
SM
MD
LG