Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Пакистандын жаңы өкмөтү ант берди


Шахид Аббаси
Шахид Аббаси

4-августта Пакистанда премьер-министр Шахид Аббаси баштаган жаңы өкмөт ант берди. Ага өлкө президенти Мамнон Хуссейн да катышты.

Мурдагы өкмөт башчы Наваз Шариф коррупцияга айыпталып, 28-июлда сот чечиминен кийин кызматынан кеткен. Буга балдарынын офшордогу байлыктары ачыкка чыкканы негиз болду.

Оппозиция мурдагы премьердин кызматтан четтетилишин жеңиш деп баалаганы менен өкмөттү өзгөртүүгө жетише алган жок.

Министрлер кабинетин кайра эле парламентте көпчүлүктү түзгөн Шарифтин партиясы курады. Жаңы премьер Аббаси анын өнөктөшү. Мындан тышкары министрлердин көбү ордуларын сактап калды.

XS
SM
MD
LG