Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

5-августтун аба ырайы


5-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33;

Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 15...20, күндүз 29...34;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28;

Нарында түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14;

​Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32°.

XS
SM
MD
LG