Линктер

жума, 17-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:52

АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер Орусиянын Кошмо Штаттардагы шайлоого ыктымал кийлигишүүсүн иликтөө үчүн сот арачыларынын чоң тобун түздү. Бул тууралуу Wall Street Journalкөз карандысыз эки булакка таянуу менен билдирди.

Алар күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсүнө катышат. "Иликтөө олуттуу мүнөзгө ээ жана узакка созулушу мүмкүн" деп жазат гезит. CNBC телеканалы маалымдагандай, бул АКШ президенти Дональд Трамптын айланасындагы кишилерге айып тагылат дегенди билдирбейт.

Атайын прокурор Роберт Мюллер шайлоо кампаниясы тушунда Хиллари Клинтонго каршы Трамптын штабы менен Кремл кутумга барган деген шектенүүлөрдү иликтейт.

CNN телекомпаниясы Мюллер Трамптын командасы менен Орусия президентинин каржылык мамилесине кызыгып жатканын кабарлады. Трамп "Нью-Йорк таймс" гезитине атайын прокурор бул аракети менен “кызыл чекке” жеткенин билдирди.

XS
SM
MD
LG