Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:30

Шайлоодо дин ишмерлерин үгүт иштерине тартпоо эскертилди


Кыргызстанда 15-октябрда өтчү президенттик шайлоонун үгүт иштерине дин кызматкерлерин тартууга тыюу салынат. Молдолордун шайлоого байланыштуу ар кандай түрдөгү үгүт-насааттары мыйзамсыз болуп саналарын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баш мыйзамда дин мамлекеттен бөлүнгөндүгү, Кыргызстан светтик өлкө экени жазылган. Андыктан, диний ишмерлерди саясий өнөктүккө пайдалануу мыйзамсыз болуп эсептелет.

Үгүт иштерине молдолорду аралаштырган талапкерге жаза колдонуларын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орунбасары Атыр Абдрахматова "Азаттык" радиосуна билдирди.

Президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү сентябрда башталат. (SE)

XS
SM
MD
LG