Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

А.Атамбаев Ботаникалык бактын аймагына лаборатория курууга каршы


Кыргызстандын борбору Бишкектеги Ботаникалык бактын аймагына пландалып жаткан лабораторияны башка жакка куруу боюнча президент өкмөткө тапшырма берди.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Ботаникалык бакка лаборатория куруу Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келерин, бул долбоор ал жердеги өсүмдүктөргө кесепетин тийгизиши ыктымалдыгын билдирди. Бул тууралуу 5-августта президенттик аппараттын басма сөз кызматы тараткан кабарда айтылат.

Атамбаев Ботаникалык бакты өлкөнүн Улуттук илимдер академиясынын курамынан чыгарып, "улуттук" деген макам берүүнү жана өз алдынча илимий-изилдөө жүргүзгөн мекемеге айландырууну да сунуштады.

Мурдараак аталган бактын аймагына Кытай өкмөтү бере турган 18 миллион долларга лаборатория курула тургандыгы айтылып, коомчулукта кызуу талкууга түшкөн эле.

Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймагы болуп саналат жана мамлекеттин кайтаруусунда турат.

2-августта Ботаникалык бакта өрт чыгып, бир топ аймагы күйгөн. (SE)

Ботаникалык бакты ким өрттөдү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00


XS
SM
MD
LG