Ушул күндөрү Филиппиндин Пуэрто Принсеса шаарында өтүп жаткан бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда кыргызстандык беш мушкер жарым финалдык таймашка чыгышты.
Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 4-августта чейрек финалдык акыркы беттештер өттү. Ал күнү беш кыргыз мушкери таймашып, үчөө: Дастан Оңолбеков (66 кг.), Айдар Ороскулов (57 кг.), жана Муктарбек Ибраимов (50 кг) жеңишке жетип, кийинки айлампага чыгышты.
Бир күн мурда жарым финалдык беттешке Ахмед Усупов (+80 кг.) менен Умар Кубанычбек уулу (63 кг.) жарым финалга жолдомо алышкан.
1/2 финалдык беттештер 6-августта өтөт. Чемпионат 7-августта жыйынтыкталат. (ECh)