Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:30

Ооганстанда грузин аскери мерт болду


Баграм аэродрому жайгашкан аймак.
Баграм аэродрому жайгашкан аймак.

Ооганстандагы Баграм аэродромунда кызмат өтөп жаткан грузин аскери каза тапты. 23 жаштагы жоокер Мидиан Бебиашвили патрулга чыккан кезде кол салууга кабылган. Бирок ага кимдер чабуул койгону маалымдала элек.

Грузиянын Коргоо министрлиги 4-августта тараткан кабарга ылайык, маркум менен чогуу болгон дагы үч грузин аскери жараат алган. Биринин абалы оор.

Алар Ооганстандагы эл аралык миссиянын кураманда болушкан.

Баграм аэродрому башкалаа Кабулга жакын жайгашкан.

XS
SM
MD
LG