Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:38

Якутия: кырсыкка кабылган кенчилердин бири - Алишер Мирзаев куткарылды


Кен кызматкерлери.

Якутиянын Мирный шаарында жер алдында, суу баскан кенде калып кеткен тогуз шахтердун бири куткарылды. Анын аты-жөнү Алишер Мирзаев экени, 410 метр тереңдиктен чыгарылганы расмий кабарланды. Учурда ооруканада, алсыз абалда жатат. Дагы сегиз шахтерду издөө уланууда.

Республика башчысы Егор Борисов билдиргендей, шахтадагы суу көбөйбөй, электр жана аба тазалоочу жабдуулар кадыресе иштеп жаткандыктан, аларды тирүү алып чыгууга ишеним бар.

"Алрос" ишканасына таандык алмаз кенине 4-августта түштөн кийин суу толо баштаган. Ал кезде жер астында 151 жумушчу болгон. Өзгөчө кырдаал жарыяланып, 142 адам куткарылган.

Прокуратура жана Тергөө комитети коопсуздук чаралары сакталбаган болушу мүмкүн деген божомол менен иликтөө жүргүзүп жатат.

Соңку сегиз жылдан бери аталган кенде алты ирет кырсык болуп, эки адам көз жумган, алты киши түрдүү деңгээлде жараат алган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG