Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:45

Сириянын Ал-Сухна шаарында жоочулар чегингени кабарланды


Сириянын өкмөттүк күчтөрү Хомс облусундагы Ал-Сухна шаарында "Ислам мамлекети" радикал тобунун жоочуларына үстөмдүк кыла баштады. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктары обсерваториясы билдиргендей, бийлик Орусия аскерлеринин жардамында шаарды 5-августта ээлеген. Бирок шаардын айрым жерлеринде дагы эле тирешүүлөр болуп жатканы кабарланды. 

Ал-Сухна шаарын тазалоо менен өкмөт күчтөрүнө Дейр-эл-Зор облусуна жол ачылат. Бул облусту үч жылдан бери жоочулар ээлеп турушат. 

Ал тапта террорчу топтун борбору саналган Ракка шаарында салгылашуулар уланууда. 

 

XS
SM
MD
LG