Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Иранда аскерий базада ок атуу болду


Иран армиясынын жоокерлери.
Иран армиясынын жоокерлери.

Ирандын "Мехр" маалымат агенттиги Кахризак аба базасында бир аскер кесиптештерине ок ачып, 10 киши жарадар болгонун кабарлады. Бүгүн болгон бул окуянын себептери белгисиз бойдон калууда. Аскердик база башкалаа Тегерандын четинде жайгашкан.

Буга чейин июль айында Абиек шаарчасындагы базада ушундай эле окуяда үч жоокер окко учкан, алтоо жараланган. Иранда 19 жаштан тарта уландар милдеттүү түрдө 24 ай армияда кызмат өтөйт.

XS
SM
MD
LG