Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Кабулда 16 тонна жардыргыч зат колго түшүрүлдү


Кабул.
Кабул.

Ооганстандын чалгындоо кызматы 6-августта Кабулда 16 тонна жардыргыч зат ташып бараткан машинаны колго түшүрүштү. Бомба жасалчу жардыргычтар, жанкечтилердин курлары тооктун жеми деп жазылган жашиктерге катылган. Улуттук Коопсуздук башкармалыгы жүк ташыган машина Пакистанда катталганын, беш киши камалганын билдирди.

31-майда эртең менен Ооганстандын борбор шаарындагы дипломатиялык райондо оор машинага коюлган бомба жарылып, 150дөй киши набыт кеткен, 400гө жакыны жараланган. Жабыркагандардын көбү жайкын тургундар болчу.

"Талибан" кыймылынын согушкерлери апрелдин соңунда “жазгы чабуулун” расмий баштап, кол салууларын күчөтүштү.

XS
SM
MD
LG