Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

Текебаевдин юристтери БШКнын үстүнөн прокуратурага кайрылышат


"Ата Мекен" партиясынын президенттикке талапкер катары көрсөтүлүп жаткан камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин кыргыз тилинен тест тапшыруу маселеси чечилбесе, партиянын юристтери прокуратурага кайрылышат. Бул тууралуу адвокат Таалайгүл Токтакунова "Азаттык" радиосуна билдирди.

Текебаев 26-июлда мамлекеттик тил боюнча тест тапшырмак. Бирок анын ишин карап жаткан Биринчи Май райондук соту сынакка коё берүүдөн баш тарткан.

Боршайком маселени сот аркылуу чечүү керек дегендиктен “Ата Мекен” партиясынын юристтери 31-июлда Бишкектин райондор аралык сотуна кайрылган.

3-августта алар "Бишкектин райондор аралык соту Борбордук шайлоо комиссиясын Текебаевдин кыргыз тили боюнча тест тапшыруу маселесин жалпы жыйында карап чыгууга милдеттендирди" деп кабарлашкан.

Эртеси Борбордук шайлоо комиссиясы сот эч кандай милдеттенме койбогонун, болгону БШКнын аракетсиздигин тааныганын билдирген.

Текебаевдин 7 тарапкери анын тестке катышпай калганына байланыштуу Бишкекте дүйшөмбүдөн бери ачкачылык кармап жатышат.

Өмүрбек Текебаев быйыл 26-февралда УКМКга камалган. Башкы прокуратура ага орус жараны Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алган деген доонун негизинде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иш козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Соттолуучулар айыптоону четке кагууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG