Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Кытай Түндүк Кореяга киргизилген санкцияларды колдоду

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И

Пхеньяндын өзөктүк ракета сыноосуна каршы Улуттар уюмунун санкциясын Кытай туура жооп деп атады. Кытайдын тышкы иштер министри Ван И АСЕАН форумунун кулуарында Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Ён Хо менен сүйлөшүүлөрдөн кийин "санкциялар керек, бирок бул акыркы максат болбоого тийиш" деп билдирди.

Ван И Пхеньянга БУУнун резолюциясын талдап көрүүнү жана өзөктүк сыноолорду токтотууну сунуштаганын да маалымдады.

5-августта БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга карата катаал санкцияларды киргизүүнү бир добуштан колдогон.

АКШ президенти Дональд Трамп Американын сунушун Орусия менен Кытай колдоого алганын кубаттады.

XS
SM
MD
LG