Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Ашхабад полициясы шаарды кайырчы балдардан «тазалоодо»


Полиция тилемчилик кылып жүргөн баланы алгачкы жолу кармаганда ага эскертүү берет. Бул көрүнүш дагы кайталанса, ата-энеси менен туугандары баланы кайырчылыкка мажбурлоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгы тууралуу эскертүү алышат.

Ашхабаддын жашоочулары акыркы кездери тилемчилик кылган майып балдарды, ошондой эле аларды кармап жаткан полиция кызматкерлерин борбордун көчөлөрүндө жана май куюу жайларында көп көрүп жатканын билдиришүүдө.

"Көчөдө арабасына отуруп алып кайырчылык менен алектенген майыптар бардык эле өлкөнүн, анын ичинде Түркмөнстандын дагы имиджине зыян алып келет. Башкы максат – абройго терс таасир эткен нерселерге каршы күрөшүү", - деп билдирди аты-жөнүн атагысы келбеген полициячы.

XS
SM
MD
LG