Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

ӨКМ: Жарым жылда 113 адам сууга чөгүп каза болду


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Мая Шаимкулова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, быйыл жыл башынан бери 113 адам сууга чөгүп каза болсо, анын 67си эркек киши, 13ү аял, 33ү балдар.

- Эгер сезонго бөлүп карай турган болсок, булардын 80и июнь айынан бери мерт болгондор. Баары эле чөмүүдөн кырсыктаган эмес, арасында автоунаасы сайга кулап кетип, чыга албай калгандары да бар.

Аймактардан сууга чөккөндөр эң көп Чүй облусунда катталган. Акыркы эле факт: 6-август күнү Чоң Чүй каналынын 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылган. Бул каналда 4-август күнү чөгүп кеткен 34 жаштагы эркек жаран азыркыга чейин табыла элек, издөө иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүү учурунда коопсуздук эрежелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин эскертүүдө.

Статистикалык маалыматтарга караганда, соңку үч жылда сууга чөгүп каза болгондордун саны кескин өскөн. Былтыр бир жылда 112 адам мерт кетсе, мурдагы жылы 120 киши суунун курмандыгы болгон. Акыркы алты жылда мындай кырсыктан жалпы 500дөн ашык киши мерт болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG