Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алып, жаңы окуу жылына карата даярдыкты талкуулады.
Министр 122 мектеп 2017-2018-жылдын Курулуш планына киргизилгенин, жаратылыш кырсыктарынан бузулган имараттарды жаңылоо биринчи кезектеги маселе экенин айтып берди.
Ошондой эле быйыл 100 жаңы бала бакча ачылып, мектептерде 27 окуу предмети боюнча жаңы окуу-методикалык комплекстердин апробациясы башталары маалымдалды.
Президент Алмазбек Атамбаев кырсыктан жабыркаган аймактарда курулуш иштерин суук түшкөнчө бүтүрүүнү талап кылды.
Жакында Булан институту “Мектептердин курулушу жана коопсуздугу” баяндамасын жарыялап, Кыргызстанда 1 миллион 176 миң окуучу бар, ал эми орто мектептердин реалдуу мүмкүнчүлүгү 600 миң окуучуну батырганга гана ылайыкташкан, демек, мектептер эки эсе көп бала окутууга аргасыз деген бүтүмгө келген. (RK)