Өмүрбек Бабановду колдогондордун колу коюлган кагаздар Боршайкомго тапшырылды. Республиканын бардык аймактарынан чогултулган 107 миң кол тамга борбордук комиссияга өткөрүлүп берилгенин бүгүн демилгечилер тобу кабарлашты.
15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Талапкер болуп катталуу үчүн БШКга арыз тапшыргандардын саны 57 адам.
30 миңден кем эмес кол топтоп, кыргыз тили боюнча тесттен өтүп жана 1 миллион сомдук күрөө тапшыра алгандар гана катталып, аларга расмий түрдө талапкер деген күбөлүк тапшырылат.
Бүгүнкү күнгө карата талапкер болуп катталгандардан бирөө. Ал - "Ак Шумкар" партиясы көрсөткөн мурдагы премьер-министр Темир Сариев. Ал 61 миң кол топтогон.
Өмүрбек Бабанов талапкерликке өзүн өзү көрсөткөн.
Бабанов менен Сариевден тышкары азырынча башкалар топтолгон кол боюнча документтерди тапшыра элек. (RK)