Райондун Кеңеш айылындагы "Ата-Мекен" саясий партиясынын штабында баатыр энелерден жана аялдардан турган беш адам ачкачылык кармоодо.
Депутат Өмүрбек Текебаевдин карындашы Нурила Текебаеванын "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, бул нааразылык акциясын алар 3-августта баштады.
Маалыматты район акими Айбек Бегимкулов да бышыктап, акция катышуучуларын дарыгерлер көзөмөлдөп, милиция коомдук тартипти камсыздап жатканын айтты. Кечээ эки аялга медициналык жардам көрсөтүлүп, алар үйүнө жөнөтүлдү.
"Атамекенчилердин" нааразылык акциясы Бишкекте да өтүп жатат. Партиянын штабында беш адам 31-июлдан бери ачкачылык кармоодо. Алардын бири ден соолугуна байланыштуу акциясын токтотуп, ордуна башка партиялашы келди.
"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-депутат Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" уюлдук компаниясына байланыштуу орус жаранынан ири суммада пара алган деген айып менен соттолууда. Алардын тарапкерлери бул ишти саясий куугунтук деп атап жатат. Ишти козгогон Башкы прокуратура саясат менен байланыштырууга негиз жок деп билдирип келет. (RsK/RK)